Казакстандын коргонуу жана аэрокосмос өндүрүшү министри Бейбит Атамкулов "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине "SpaceX" компаниясынын "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү менен эки спутник учура турганын ырастап, жеке менчик компанияны эмне үчүн тандашканын түшүндүрдү.
6-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстан америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын "Space X" компаниясы чыгарган "Falcon-9" ракетасы менен эки илимий-технологиялык спутник учурууга камынып жатканын жазган.
Бейбит Атамкуловдун айтышынча, буга чейин спутник учуруп жүргөн "Днепр" программасы жабылып калганына байланыштуу Казакстан чет элдик ракета-алып жүрүүчү издешкен.
- Арзан. Өзүбүзгө ылайыктуу ракет издедик. Кийин "Falcon-9", "SpaceX" компаниясын тандадык. Алдын ала дайындыгы, камсыздандыруусу бар. Баасы 1 миллион 400 миң долларга түштү. Бул өтө арзан баа десек болот. Себеби биз бир учурда эки жандоочту учурабыз. Бир ракета менен бир жандоочту учуруу 10-30-миллионго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн. Ал эми биз спутникти башка элдердин жандоочтору менен чогуу учурабыз, - деди Бейбит Атамкулов.
АКШнын жеке менчик "SpaceX" компаниясы "Falcon-9" ракета-алып жүрүүчүсү - бир жана көп жолу колдонууга жарай турган оор ракета түрүнө кирет. Илон Маск ракетанын жерге кайтып келүү тажрыйбасын сынактан ийгиликтүү өткөрүп, коммерциялык космос тармагында чоң өзгөрүү жасаган.