Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Украина: башкы прокурор активисттин өлүмүнөн кийин кызматтан кетерин билдирди


Юрий Луценко.
Юрий Луценко.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко кызматтан кетерин бүгүн, 6-ноябрда жарыялады. Ал бул тууралуу Жогорку Радада украиналык активист Екатерина Гандзюктун өлүмүн иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү тууралуу сунушка комментарий берип жатып билдирди.

Ал өз чечимин "активисттин өлүмү үчүн украин бийлиги күнөөлүү" деген маалымат каражаттарындагы “үгүт өнөктүгүнө” каршы болгону менен түшүндүрдү. Ал муну “кандан пиар жасоо” деп баалап, бул ишти тергөөдө коомчулук “телевизордун экранына” же укук коргоо органдарына ишенээрин өзү чечиши керек экенин айтты.

Башкы прокурорду кызматтан Жогорку Рада бошотот.

- Мен кызматтан кетүү тууралуу бүгүн президентке сунуш киргизем. Сиздер да парламентте аны карашыңыздар керек, - деди Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко.

5-ноябрда Украинадагы өкмөттүк эмес 75 уюм кол койгон кайрылууда мамлекеттик органдар украиналык активисттерге кол салгандарды таппай жатканы сынга алынган.

Херсон шаарында жашаган, Коррупцияга каршы күрөштү катуу сындап келген 33 жаштагы активист Екатерина Гандзюк 4-ноябрда көз жумду. Быйыл 31-июлда ага үйүнүн жанынан белгисиз адамдар кол салып, кислота чачып кетишкен. Ооруканада 96 күн жаткан Екатерина Гандзюкка 11 операция жасалган.

Полиция бул иште кол салуунун аткаруучулары катары төрт кишини кармаган. Ошол эле кезде бул иштин артында ким турары ушул күнгө чейин белгисиз.

XS
SM
MD
LG