Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Парижде Путин менен Трамптын жолугушуусу өтпөшү мүмкүн


Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.
Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда Парижде Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу болбошу мүмкүн экенин билдирди. Песковдун 6-ноябрдагы сөзүнө караганда, Путин менен Трамп Францияда Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында “кыска кездешүү өткөрүшү" гана ыктымал. Бул тууралуу Песков АКШнын президенти Парижде Путин менен жолукпай турганын айткандан кийин маалымдады.

Буга чейин Дональд Трамп: “Биз бул ылайыктуу жер болобу, билбейбиз. Мен Парижге башка себептен барам. Мен Парижде жолугушуу өткөрөрүбүзгө ишенбей турам. Сыягы, болбойт” деп билдирген эле.

Трамп Путин менен 30-ноябрда Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммитинде жолугушарын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, ошондон кийин бир канча кездешүү болушу ыктымал.

4-ноябрдан тартып Францияда Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Анын алкагындагы салтанаттар менен иш-чараларга дүйнө өлкөлөрүнүн сексендей лидери катышуусу күтүлүүдө.

Парижге АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин да барат. Буга чейин Трамп менен Путиндин Парижде эки тараптуу сүйлөшүүлөрү да пландалган.

Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

XS
SM
MD
LG