Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

CNN: Хашогжинин уулдары атасынын сөөгүн берүүнү өтүнүштү


Саудиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман (оңдо) журналист Хашогжинин (Хашогги) уулу Салах бин Жамал Хашогжи менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь 2018-жыл.
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман (оңдо) журналист Хашогжинин (Хашогги) уулу Салах бин Жамал Хашогжи менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь 2018-жыл.

Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) уулдары сауд бийлигинен атасынын сөөгүн берүүнү, анын өлүмүн иликтөөнү өтүнүштү. CNN телеканалындагы маегинде Салах менен Абдулла атасынын жасатын мусулмандар үчүн ыйык саналган Медина шаарында жерге берүүнү көздөй тургандыгын айтышты.

Ал эми жума күнү Вашингтондо өткөн эскерүү иш-чарасында Хашогжинин колуктусу Хатиже Жеңгиз АКШнын президентин Түркиянын иликтөөсүн колдоого чакырган.

Сауд бийлиги журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөнүн мойнуна алган. Бирок анын сөөгүн дагы эле көрсөтө элек. Расмий Эр-Рияд бул окуяга сауд падышалыгынын тиешеси жоктугун белгилеп жатат.

Түркиянын Башкы прокуратурасы журналистти “адегенде муунтуп өлтүрүп, андан соң жиликтеп салышкан” деп билдирген. (MTo/KKs)

XS
SM
MD
LG