Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Газниде талибдер менен кармаштан 13 коопсуздук кызматкери мерт болду


Газни провинциясындагы аскер. 7-октябрь, 2018-жыл.
Газни провинциясындагы аскер. 7-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын Газни провинциясында талиб жоочулары менен кармаштан 13 коопсуздук кызматкери мерт болду. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Мохаммад Ариф Нуринин "Азаттыкка" билдиргендей, куралдуу кармаш 5-ноябрда таңга маал талибдер Когяни районундагы текшерүү пунктуна кол салгандан кийин башталган.

Курман болгондордун алтоо ооган полициясынын кызматкерлери, жетөө армиянын аскерлери болгон. Нуринин айтымында, дагы төрт полиция кызматкери жабыркады. Үч саатка созулган кармаш маалында "Талибан" кыймылынын кеминде алты согушкери жок кылынып, ону жарадар болду.

Расмий маалыматка ылайык, Когяни районундагы чабуулга кабылган пункт 3-ноябрда талибдерди керектүү каражаттар менен камсыз кылган жолду көзөмөлдөө максатында ачылган. "Талибан" кыймылы бул кол салууну өз жоочулары уюштурганын жарыялады.

Үч ай мурда талибдер Газни шаарына чабуул коюп, провинциянын борборун кыска убакытка көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышкан эле. Согушкерлерди шаардан сүрүп чыгаруу операциясына АКШнын да согуштук учактары, дрондору тартылган.

XS
SM
MD
LG