Пакистандын маалымат каражаттары белгилүү диниятчы, “Талибандын атасы” деп атыккан Маулана Самиул Хак кол салуудан каза тапканын билдиришти.
Жергиликтүү Geo News каналы маркумдун уулу Хамидул Хакка шилтеме берип кабарлагандай, 2-ноябрда белгисиз бир адам диниятчыны үйүнөн бычактап кеткен.
Бирок Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, маркумдун орун басары Юсаф Шах жана жакын адамдарынын бири ал ок жегенин айтып беришти.
80 жашка чыгып калган Самиул Хак Хайбер Пахтунхва аймагында диний мектепти жетектеп турган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал 25-июлдагы шайлоодо "Техрик-и-Инсаф" партиясына кошулганын жазышууда. Партия ал шайлоодо жеңген. Премьер-министр Имран Хан алар айрым реформаларды ишке ашыруу үчүн белгилүү диниятчы менен кызматташарын айткан.
Хак Талибан кыймылынын кээ бир лидерлерине таалим берген.