Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Пакистандын премьери Кытайга барды


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан экономикалык кризистен чыгыш үчүн жардам издеп Кытайга аттанды. 2-5-ноябрга чейинки жолугушууларда Кытайдын жетекчилиги менен Пакистандагы финансылык абал тууралуу сөз болмокчу. Бээжин буга чейин “Бир алкак, бир жол” долбооруна ылайык, Пакистандын инфраструктурасына карыз жана инвестиция түрүндө 60 миллиард доллар жумшоого убада берген.

Пакистан төлөмдөр балансындагы кризисти жөнгө салыш үчүн Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) 8 миллиард доллар алууну көздөп жатат. Эмки жумада эксперттер тобу кырдаалды жеринен билиш үчүн Исламабадга аттанууда.

24-октябрдагы телекайрылуусунда Имран Хан өкмөт ЭВФтен алынчу карыздын көлөмүн азайтууну максат кылаарын белгилеген. Бул үчүн премьер Сауд Арабиясынан 6 миллиард доллар алуу жөнүндө макулдашты.

XS
SM
MD
LG