Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусия кырсыктан кийин Эл аралык космос станциясына учкучу бар кеме жөнөтөт


Казакстан, Байкоңур. 9-октябрь, 2018-жыл.
Казакстан, Байкоңур. 9-октябрь, 2018-жыл.

Орусия Эл аралык космос станциясына 3-декабрда учкучу бар кеме жөнөтөт.

"Роскосмос” агенттигинин аткаруучу директору Сергей Крикалев РИА "Новости" маалымат агенттигине билдиргендей, Эл аралык станциядагы экипаж 20-декабрда кайтып келүүгө тийиш.

11-октябрда "Байкоңурдан" космос кемесин учуруу ийгиликсиз аяктагандан кийин бул биринчи аракет болмокчу. Ал күнү орусиялык космонавт менен америкалык астронавтты жеткирип бараткан ракета ташуучу кулап түшкөн. Экипаж аман-эсен жерге конгон.

“Роскосмос” кырсыкка биринчи жана экинчи баскычтын ишин бөлгөн бергичтин ишиндеги мандем себепкер болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG