Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткандардын айлык акысына байланыштуу маселе эмки жумада чечилет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Транспорт жана жол министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчисинин орун басары Жумаш Соодонбаев билдирди.
Анын айтымында, келерки аптанын биринчи же экинчи күндөрүндө 200 миллион сом боюнча чечим кабыл алынат.
Бүгүн 31-октябрда Балыкчы-Тамчы-Корумду автоунаа жолунун 50дөй куруучусу кайрадан иш таштап, нааразылык акциясына чыгышкан. Жумушчулардын бири Мурат Касыбаев бир нече айдан бери маяна көрө элек экенин айткан:
- Акча жок үчүн ишти токтоттук. Мисалы, мен машине айдайм. Төрт ай болуптур, акча албаганыма.
Балыкчы-Корумду жолунун курулушу – өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. Маселени мурдараак парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген. (AsM)