Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын курат.
Анда ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланат.
Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, башкы прокурор жана УКМКнын жетекчиси чакырылган.
Быйыл 26-январдагы кыш чилдеде андан алты ай мурда модернизацияланган Бишкек ЖЭБинде авария болуп, баш калаага бир жума бою жылуулук берилген эмес.
Авариядан кийин анын чоо-жайын жана модернизацияга кеткен Кытай насыясын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун май айында парламент сессиясында жарыялап, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген. (NT)