Жогорку сот бүгүн отчеттору "экстремисттик" деп табылган өкмөттүк эмес уюмдардын арызын карайт. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттык” радиосуна билдирди.
Аталган уюм "Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо", "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар: зомбулук хроникасы" деп аталган отчетторду басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салган, аларды "экстремисттик" деп тапкан чечимге каршы Жогорку сотко кайрылган.
Эки отчетту былтыр 5-январда Октябрь райондук соту экстремисттик материалдардын катарына кошкону быйыл июлда белгилүү болгон.
“Бир дүйнө - Кыргызстан” аны капыстан мониторинг жүргүзгөн учурда билип калганын жана мунун мыйзамсыз экенин маалымдаган.
2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу иликтөөнү норвегиялык Хелсинки комитети, “Мемориал” (ADC "Memorial") дискриминацияга каршы борбору, “Фридом Хаус” ("Freedom House") уюму биргелешип даярдаган. Мигранттардын укуктары тууралуу экинчи отчетту “Бир дүйнө - Кыргызстан” Орусияда жайгашкан "Мемориал" укук коргоо уюму менен кошо чыгарган.
Буга чейин Хелсинки комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат жазып, бул чечимди жокко чыгарууга чакырган. (КЕ)