Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Москва: АКШнын ракеталык келишимден чыгуу ниети - "кооптуу кадам"


Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.
Михаил Горбачев жана Рональд Рейган келишимге кол коюп жаткан учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.

Вашингтон Орусия менен АКШнын ортосунда 1987-жылы кол коюлган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)" келишимден чыгууга ниеттенип жатканын президент Дональд Трамп 20-октябрда Невададагы сапарында жүргөндө жарыялады.

Орусия муну "абдан кооптуу кадам" деп атады.

Трамп мындай чечимге Орусиянын көп жылдардан бери келишимдин жоболорун бузуп келатышы түрткү болгонун жүйө келтирди.

- Эгер Орусия менен Кытай келип, "келгиле, акылга келели, эч бирөөбүз мындай курал өндүрбөйлү" деп айтмайынча Кытай орто жана узак аралыктагы ракета өндүрүүнү жандантат. Келишимдин жоболорун биз эле сактап жүрө бергенибиз болбойт, - дейт Трамп.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 21-октябрда бир катар мамлекеттик басыламаларга берген комментарийинде "эгер АКШ бир тараптуу чечим кабыл алып, эл аралык келишимдерден чыга берсе, Орусия да тиешелүү жооп кайтарарын" эскертти.

Мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салат.

АКШнын расмий өкүлдөрү Орусия келишимдин жоболорун бузуп келатканын мурдагы президент Барак Обаманын маалында да эскертишкен.

XS
SM
MD
LG