Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

АКШнын өкүлдөрү Кандагардагы кол салууну айыпташты


Генерал Абдул Разык. 19-февраль, 2017-жыл.
Генерал Абдул Разык. 19-февраль, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын жогорку расмий өкүлдөрү Ооганстандын түштүгүндө полиция башчысынын өлтүрүлүшүн айыпташты.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кандагардын полиция башчысы, генерал Абдул Разактын өлтүрүлүшүн "мекенчил адамды жоготуу" деп атады. Бул тууралуу ал Сингапурда 19-октябрда билдирди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Разакты жана башка жогорку даражадагы ооган расмий өкүлдөрүн жок кылган кол салууну айыптап, ооган элин "Талибандын" шайлоо алдындагы мындай зомбулуктарына карабай өз идеалдарына бекем болууга чакырды.

18-октябрда АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жыйын өткөргөндөн кийин губернатордун кеңсесинде атышуу башталган. Генерал Абдул Разыкты өзүнүн эле жансакчысы атып өлтүргөн.

НАТОнун маалымат өкүлү АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер да жыйынга катышканын, бирок жабыркабаганын билдирди. Атышуу маалында ошондой эле жергиликтүү чалгын кызматынын башчысы да курман болуп, провинция губернатору катуу жараланган. Андан тышкары эки америкалык жаран жарадар болуп, жергиликтүү медианын кабарчысы өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти дароо "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды.

Генерал Разакка буга чейин да талибдер бир нече жолу кол салышкан. Ал Кандагар полициясын 2011-жылдан тартып жетектеп келген жана талибдерге катуу туруштук берип келатканы менен белгилүү болчу.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын кеминде 40% аймагын көзөмөлдөп турат. 20-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында кыймыл коопсуздук күчтөрүнө жана мамлекеттик мекемелерге каршы чабуулдарын күчөттү. Андын айынан ондогон адамдар курман болду.

XS
SM
MD
LG