Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Икрамжан Илмияновго сырттан айып тагылганы кабарланууда


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сырттан айып тагылганы кабарланууда. 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырганы маалымдалып жатат.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевдин колу коюлуп, соттун мөөрү басылган чечимдин көчүрмөсү Интернетте тарады. Анда Илмияновго сырттан айып тагылганы, ал "УКМКнын тергөө абагына камакка алынсын" деген чечим жазылган.

Чечимде Илмиянов тергөө органдарына алынып келгенден кийин анын кармалышынын негиздүүлүгү менен мыйзамдуулугун аныкташ үчүн сотко 48 сааттын ичинде жеткирилиши керек экендиги айтылган. Чечимге каршы беш күн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болоору да белгиленген.

Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы так жазылган эмес. УКМКдан, сот органдарынан жана ал мүчө болгон КСДП партиясынан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Соттун чечимин Интернетке ким таратканы да белгисиз.

"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмияновдун кайда экени тууралуу так маалымат жок. (NT)

XS
SM
MD
LG