Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Нарын театрынын артисттери Ташкентте "Маң" спектаклин коюуда


Нарындык артисттерди тосуп алуу. Ташкент, 16-октябрь.
Нарындык артисттерди тосуп алуу. Ташкент, 16-октябрь.

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Улуттук драма театрында "Маң" спектаклин коюп жатышат. Эки күндүк маданий сапар 16-октябрда башталды.

Кыргызстандык артисттер коңшу өлкөдөгү кесиптештери аларды ыр-күү менен тосуп алганын билдиришти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакалары 2017-жылдан тартып бекемделе баштады. Буга чейин Оштогу Бабур атындагы театрдын жамааты коңшу өлкөнүн бир канча облустарына барып, спектакль коюп келген. Ташкенттеги Мукуми театры да Кыргызстанга гастролго келип кетти.

Нарындык артисттер Өзбекстанда коё турган "Маң" спектаклин анын автору Султан Раев жана коюучу-режиссер Жалил Мидинов сахналаштырган.

“Маң” спектакли - Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жаралган татаал, философиялык чыгарма. Ал Астана шаарында өткөн VI Эл аралык SAMGAU театр фестивалында мыкты спектакль деп табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG