Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Депутаттар мыйзамсыз тыңшоо тууралуу УКМКнын маалыматын угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маселе бүгүн, 15-октябрда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында талкууга алынаарын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү жыйында маалымат бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов чакыртылган. Аталган комитет сентябрда да тыңшоо боюнча атайын кызматтын маалыматын уккан.

Анда УКМКнын төрагасынын орун басары Талант Кожонов мыйзамсыз жашыруун тыңшоо болгонун моюнга алып, ал боюнча териштирүү жүргөнүн билдирген.

Быйыл апрелде УКМК "Баткен" жана "Ош" бажыканаларынын жетекчилеринин иш бөлмөлөрүндө табылган жашыруун аңдуучу каражаттарга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Ага чейин тымызын жаздырылып алынган чуулгандуу аудио, видео тасмалар чыккан жана анын негизинде оппозицияда жүргөн бир катар адамдар "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылды" деген айып менен камалып, соттолгон. (NT)

XS
SM
MD
LG