Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный абактан чыкты


Алексей Навальный. 24-сентябрь, 2018-жыл
Алексей Навальный. 24-сентябрь, 2018-жыл

Москвада коррупцияга каршы уруксатсыз акция уюштурду деп айыпталып, 25-августтан бери абакта жаткан Алексей Навальный жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу 14-октябрда эртең менен эркиндикке чыкты.

“Мен абакта отурган 50 күндө бул режим тышкы чалгындан тартып, космос тармагына чейин урап, деградацияга учураганы боюнча бир топ далилдерди көрдүк. Бул камоолор менен бизди коркутабыз же токтотобуз десе жаңылышат”, - деди Навальный тарапташтарына жана журналисттерге.

Навальный 25-августта январь айында “шайлоочулардын көтөрүлүшү” акциясын уюштурганы үчүн 30 суткага абакка кесилген. Андан эки күндөн кийин митингдерди уюштуруу тартибин бузганы үчүн күнөөлүү деп табылып, сот аны дагы 20 күнгө камоо чечимин чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG