Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:21

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн жарыялады


Башар Асадга каршы кармашкан "Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери Идлиб провинциясында, 23-сентябрь, 2018-жыл.
Башар Асадга каршы кармашкан "Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери Идлиб провинциясында, 23-сентябрь, 2018-жыл.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында орус жана түрк лидерлери буга чейин макулдашкандай, деэскалация зонасы түзүлгөнүн ырастады. Түркия менен Орусия Идлибди курал колдонууга тыюу салынган аймакка айландырууну макулдашкан. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги кабарлады.

Буга чейин Идлиб аймагынан куралдуу оппозициянын бир бөлүгү өз күчтөрүн чыгара баштаган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм "Файлак аш-Шам" тобу аймактан Түркиянын чакырыгынын негизинде чыгып жатканын өткөн сентябрдын этегинде кабарлады.

18-сентябрда Орусия жана Түркия Идлиб провинциясында куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык буфердик аймак түзүүнү макулдашкан. Бул иш 15-октябрга чейин аякташы керек. Буфердик аймакка көзөмөлдү түрк жана орус аскерлери жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG