Ала-Тоо мекенчил уулунан ажырады
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү. Султан Жумагулов 59 жашында көз жумду. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 14, 2024
Сапаралиев: “Ыстаканда кантың бар” мага тагылган тумар болду
-
Декабрь 08, 2024
Арабаевдин тагдыры сахнада
-
Декабрь 07, 2024
Клара Шырдакова: Табылды экөөбүздү ичкилик өксүттү
-
Декабрь 02, 2024
Табылды Актан - улуттук маданияттын таланттуу үч мууну
-
Ноябрь 17, 2024
"Көп ырлары сакталбай калды". Обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү