Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Исмаилова: саясий партиялар элди жүдөттү


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук уюму басма сөз өкүлдөрү үчүн "ачык эшик" иш-чарасын өткөрдү. Анда уюмдун Бишкектеги кеңсесине журналисттер келип, уюмдун кызматкерлерине жана эксперт-юристтерине каалаган суроолорун беришти. Муну менен уюм коомчулук менен кызматташууга ачык экенин белгилөөдө. “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды айтты:

- Биз турак үйдүн батиринде ижарага алынган чакан кеңседе отуруп коомдук иш-чараларды пландап, адам укуктарына багытталган долбоорлорду ишке ашырып келатабыз. Биз ар бир жарандын алдында аткарган иштерибизди тизмектеп көрсөтүүгө даярбыз жана ар бир тыйын кайда коротулуп жатканын айтып берели деген жарандык мүдөөбүз бар.

Ошондой эле Исмаилова уюм жарандардын тынч митингге чыгуу укугу багытында иш алып барып, аялдардын лидерлик дараметин жогорулатууну улантарын белгиледи.

Уюм "Women Learning Partnership" ("Аялдарды окутуу боюнча шериктештик") эл аралык уюмунун көмөгү менен лидерлик тренингдеринен кыргызстандык 432 кыз-келинди окутуудан өткөргөн.

“Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюму 2000-жылы уюшкан. Башында ал “Жарандар коррупцияга каршы” деген аталыш менен иш алып барган.

2007-жылы уюм “Бир дүйнө” даректүү тасмалар фестивалын уюштурган. Кийинчерээк коомдук уюмдун аталышы да фестивалга үндөш болуп өзгөргөн.

“Эртеңки күндү бүгүн жасайбыз” деген ураандын астында өтө турган быйылкы XII “Бир дүйнө” адам укуктары жаатындагы даректүү тасмалар фестивалы 12-16-ноябрь күндөрү өтөт. (SA)

XS
SM
MD
LG