Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

“Коопсуз шаар” боюнча мамлекеттик мекемелер соттошо турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы район аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Зирек Асанова маалымдады.

5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия "долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарган. Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Ал компания "Вега" жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу жагынан тажрыйбасы жок экенин айтып чыккан.

Бирок “Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанаарын билдирген болчу.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” быйыл жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG