11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйнала элек жашылча-жемиштерге зыян тийгизет.
10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус жылуу болот.