Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Сирия оппозициясы Идлибдеги согуш аймагынан оор куралдарын чыгарды


Идлибден чыгарылып бараткан аскер техникасы.
Идлибден чыгарылып бараткан аскер техникасы.

Дүйшөмбүдө Сириянын куралдуу оппозициясы Идлиб провинциясындагы согуш аймагынан оор курал-жарактарын чыгарып бүттү. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.

Оппозиция өкүлдөрү мындай кадамга демилитаризацияланган аймак түзүү тууралуу Орусия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуунун алкагында барды.

Курал-жарак чыгарылганы менен бул аймакта Анкара колдогон оппозиция өкүлдөрү калат. Алар аймакта ок атууну токтотуу режиминин сакталышына көзөмөл кылышат.

Азырынча Идлибдеги эң кубаттуу жихад тобу болуп эсептелген «Тахрир аш-Шам» уюму Орусия менен Түркия президенттеринин макулдашуусу боюнча өз позициясын билдире элек.

Өткөн айда жетишилген макулдашуу Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен союздаштарынын Идлиб аймагына пландаган чабуулун токтоткон. Ага чейин Сириянын бийлиги аймакты «кандай болсо да» өз көзөмөлүнө ала турганын билдирген.

Дүйнөлүк лидерлер менен БУУнун өкүлдөрү мындай операция 3 миллион калкы бар аймакта гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн экенин билдиришкен. Анда АКШ эгер химиялык курал колдонулса, Сирия президенти Башар Асаддын аскерлерине дагы бир сыйра сокку ура турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG