Индонезияда зилзала жана цунамиден улам жашоо менен кош айтышкандардын саны 1558 кишиге жетти. Бул тууралуу 5-октябрда өлкөнүн Чукул кырдаалдар агенттиги кабарлады.
Расмий маалыматта айтылгандай, башка мамлекеттер кырсыктын кесепети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүдө. Он бир мамлекеттен гуманитардык жардам жүктөлгөн учактар келди.
28-сентябрда кечке жуук Дунгала деген чакан шаарда жер титиреп, бир киши каза болуп, он чактысы жараат алган. Көп өтпөй жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында жер титиреп, күчү 7,5 баллга жеткен. Артынан цунами болуп, толкундар калааны каптап, миңдеген имараттарды кыйраткан.