Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн 36 батирлүү турак жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, батирлер 2-3 бөлмөлүү болуп, өзүнчө от казаны, балдар үчүн аянтчасы менен курулат. Турак жайды куруу республикалык бюджеттен каржыланууда.
Сентябрь айында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жаңы батирлерге киришкен. Талас жана Чүй облустарында курулуп жаткан турак жайлар жакында бүтөрү айтылды. (КЕ)