Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

“Туруктуу элдик кеңеш” уюму курултайга камданууда


Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

“Туруктуу элдик кеңеш” уюмунун жетекчилиги Бишкекте чогулуп, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды талкуулады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” уюмдун төрагасынын орун басары Кадыр Кошалиев билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, жолугушууда “бийликтегилер алмашканы менен эски башкаруу түзүлүшү жана идеологиялык багыты өзгөрүүсүз калып жатканы” белгиленди.

Ошону менен катар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүү максатында кеңири форматта элдик курултай ѳткѳрүү зарылдыгы бышып жетилгени айтылды.

- Ноябрь айынын ичинде жалпы Кыргызстандагы саясий-коомдук күчтөр жана эл-журттун өкүлдөрү катышкан элдик курултай өткөрүү зарылчылыгы, аны уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө сөз болду, - дейт Кошалиев.

2017-жылдын апрелинде Бишкекте өздөрүн "Улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, “Туруктуу элдик кеңеш” уюмун түзгөн. Анын жетекчиси болуп коомдук ишмер Азимбек Бекназаров дайындалган.

Быйыл май айында уюм Бишкекте жыйын өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум тууралуу талаптарын айткан. Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүүгө аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG