2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.