Иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен жапониялык Тасуку Хонжо Нобел сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылды. Стокгольмдогу Каролин институтунун Нобелдик комитети жарыялагандай, аларга бул сыйлык ракты (өсмөнү) дарылоодогу жаңы ыкмасы үчүн ыйгарылды.
Тасуку Хонжо 1942-жылы Жапонияда туулган, 1988-жылдан бери Киото университетинин профессору. 1948-жылы туулган Жеймс Эллисон Хьюстон университетинде иштейт.
Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты эки окумуштуу бөлүп алат.
1901-жылы Швецияда Нобел сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, медицина жана физиология тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары биринчи болуп жарыяланат.
Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо да ушул жумада уланат. Нобелдин физика боюнча жеңүүчүсү 2-октябрда, химия боюнча жеңүүчүсү 3-октябрда белгилүү болот. Ал эми тынчтык сыйлыгынын лауреаты 5-октябрда жана экономика боюнча сыйлыгынын жеңүүчүсү 8-октябрда аныкталат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл ыйгарылбайт.