29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градус жылыйт, жаан-чачын болбойт.