Активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өткөрдү. Ал талабы жазылган кагазды көтөрүп, 27-сентябрда парламенттин имаратынын алдына пикетке чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди.
- Адам укугун коргоо жаатында үзүрлүү иштеп келе жаткан талапкерлерди колдобой, өзүлөрүнө керектүү адамды шайлап алышты, - деди Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.
Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытовду 79 депутат колдогон "Бир Бол" сунуш кылган Рита Карасартовага 9, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш, "Ата Мекен" көрсөткөн Канатбек Азизге 19 добуш тийген.