Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” футболдук клубуна Кыргызстан футбол федерациясы “Спринтер Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү кичи автобусту белекке берди.
Автоунаанын ачкычын 24-сентябрда Кочкор-Ата шаарында өткөн нефтичилердин майрамында Футбол федерациясынын президенти Нурбек Атаханов тапшырды.
"Кыргызмунайгаз" ишканасынын колдоосунда “Нефтчи” футболдук командасы 1952-жылы уюшулган. 2010-жылы Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону жана эки жолу өлкө кубогунун жеңүүчүсү болгон. (RsK)