Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:50

Таласта жубайынын өлүмүнө шектүү күнөөсүн моюнуна алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта аялын өлтүрүүгө шектелип жаткан 34 жаштагы адам күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Маалым болгондой, шектүү аялын өлтүргөн учурда мас абалында болгонун жана жубайын кызганычтан улам бычак менен сайганын айткан. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

23-сентябрда Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 25 жаштагы келин бычакталган. Каргашалуу окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү кечинде маркум келинди өлтүрүүгө шек саналып, күйөөсү кармалган.

Күбөлөрдүн айтымында маркум акыркы кезде жолдошу менен таарынышып жүргөн. Алардын ортосунда үч баласы бар экени айтылууда. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG