Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстанда алты жылда майыптардын саны 27% өстү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саны 181 400 болду. Бул соңку алты жылда майыптардын саны 27% өстү дегенди билдирет. Бул тууралуу парламентте эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Исакунованын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында ар бир райондогу эмгекке жарамдуулукту аныктоочу медициналык комиссиялардын ишине керектүү атайын адистештирилген автоунаалар алынууда. Анда бардык жабдуулар орнотулуп, канча аралыкты басып өткөндүгү да GPS системасы аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Министр майып адамдардын көбөйүшүн жол кырсыктарынын, өндүрүштөгү кооптуу абалдын жана ар кандай илдеттердин өсүп жатканы менен байланыштырды.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар БУУнун Майыптар жөнүндө конвенциясын ратификациялоого бийликти чакырып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG