Баткендин айтылуу күрүчү бышты
Баткендин атын чыгарган өрүк менен кошо ак турпак күрүчү жыйналып, кырман көтөрүлүп жаткан мезгил. Жалпы Баткен облусунда 10 миң тоннадай күрүч өндүрүлсө, көпчүлүгү жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми күрүчтүн дөөзире деген сортун кардарлар алдын ала атайын буюртма берип, базарга чыгарбай эле дыйкандын үйүнөн алып кетишет.