Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Түндүк жана Түштүк Корея өзөктүк куралсыз Корей жарым аралын убада кылышты


Эки Кореянын лидерлери биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийинки учур. Пхеньян, 19-сентябрь, 2018-жыл.
Эки Кореянын лидерлери биргелешкен билдирүүгө кол койгондон кийинки учур. Пхеньян, 19-сентябрь, 2018-жыл.

Эки Кореянын лидерлери өзөктүк куралсыз Корей жарым аралына жетишүү мүдөөсүн тарыхый деп мүнөздөлгөн кезектеги жолугушуусун аяктаган соң жарыялашты.

Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин быйылкы жылдагы үчүнчү саммити Пхеньянда өттү.

Түндүк Корея лидеринин бул жердеги басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, ал жакынкы келечекте иш сапары менен Сеулга барат. Эгер мындай визит ишке ашса, бул Түндүк Корея лидеринин Корей жарым аралы ондогон жылдар мурда бөлүнгөндөн бери Түштүк Кореяга алгачкы ирет келиши болот.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин кабарчыларга айтканына караганда, Ким Чен Ын ракеталардын кыймылдаткычын сыноочу жана аларды учуруучу жайды бузуп, ал жерге инспекторлорду киргизүүгө макул болду.

Эки Кореянын лидерлери алардын өлкөлөрү чогуу көзөмөлдөгөн чек ара кыштагын куралсыздандырууну, анын ичинде минадан тазалоону, эки мамлекетти бөлгөн демилитаризациялык зонадан 11 көзөмөл бекетти алууну макулдашкан.

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери ага катар эки өлкө 2032-жылдагы жайкы Олимпиаданын конок ээси болуу үчүн бирге арыз берүүнү да макулдашты. (UE)

XS
SM
MD
LG