Pussy Riot тобунун мүчөсү Петр Верзиловду кимдир бирөө ууландырган болушу мүмкүн. Берлин ооруканасынын догдурлары ушундай бүтүмгө келишкенин “Рейтер” агенттиги жазды. Дарыгерлердин айтымында, активисттин өмүрү коркунучта эмес, бирок ал интенсивдүү дарылоого муктаж.
Верзилов 11-сентябрда Москвада ооруканага түшкөн. Анын көзү начарлап, тили күрмөөгө келбей, басып-тура албай калган.
15-сентябрда Верзиловду Берлинге дарыланууга жиберишкен. Актвисттин жакындары “аны ууландырып салышкан” деп шек санап жатышат.
Петр Верзилов – "Медиазона" деп аталган маалымат платформасынын негиздөөчүсү. Ал ошондой эле Pussy Riot тобу менен ар кандай акцияларга катышкан. Соңку ирет Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатканда полиция кызматкеринин формасын кийип алып, оюн талаасына чуркап чыккан.