Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Мэттис: Орусия Македониядагы референдумга кийлигишүүгө аракет кылууда


Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис Македонияда. 17-сентбярь, 2018-жыл.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис Македонияда. 17-сентбярь, 2018-жыл.

Орусия Македониядагы референдумга кийлигишип, оппозицияны акча жана таасир менен колдоого аракет кылып жатат. Мындай билдирүүнү 17-сентябрда Скопьеге келген АКШнын коргоо министри Жим Мэттис журналисттер менен жолукканда жасады.

“Алар акча которгонунда күмөн жок, ошондой эле кеңири масштабдагы таасир этүү өнөктүгүн да жүргүзүп жатат” деген Кошмо Штаттардын коргоо министри Москванын аракеттери канчалык натыйжа берери белгисиз экенин кошумчалады.

30-сентябрда Македонияда өлкөнүн аталышын “Түндүк Македония” деп өзгөртүү боюнча референдум өткөнү жатат. Алдын ала сурамжылоолор элдин көбү өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү колдой турганын көргөзүүдө. Македонияда 1,8 миллион шайлоочу катталган.

Грециянын бир чөлкөмү да Македония деп аталгандыктан, Афины келечекте бул аймактык талаш жаратышы мүмкүн деп кошуна өлкөдөн өз аталышын алмаштырууну талап кылып келатат.

Македония менен Грециянын ортосунда июнда жетишилген макулдашууга ылайык, эгер референдумда “Түндүк Македония” деген аталышты эл колдосо, анда бул мамлекетке НАТОго мүчө болууга жол ачылат. Ал эми Москва болсо анын Түндүк атлантикалык альянска мүчө болушуна каршы.

XS
SM
MD
LG