Өлкөнүн түштүк жээктеринин бир бөлүгү нөшөр жамгырдан жана катуу бороондон улам чукул даярдыкта турат.
“Мангхут” деген ат берилген тайфундун алдында Кытайдын Гуандун провинциясындагы шаарлардан жарым миллионго жакын киши эвакуацияланды. Ал эми кумар оюндарынын борбору саналган Макаодо казинолор жабылды.
Кытайдын Метеорология боюнча улуттук борбору тайфун коркунучунан улам жергиликтүү бийликтерди ыктымал кырсыктарга даяр болууга чакырды. Адистер тайфун учурундагы шамалдын кубатын саатына 155тен 190 чакырымга чейин деп эсептөөдө.
Эл жыш жашаган аймакта жүздөгөн аба каттамдар, Гуандунь жана Хайнань провинциялары ортосунда тез каттоочу поезддер токтотулду.
Кытайга чейин коңшу Филиппинде өлкө бийликтери билдиришкендей, “Мангхут” тайфуну бери дегенде 36 кишинин өмүрүн алды, ондогон адамдар жер көчкүнүн алдында калганы айтылууда. (UE)