Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун өткөргөн кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков 9-сентябрда Ташкентке жетип, кайра Ошко келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.
Алар 27-августта эртең менен Оштон жүрүп кетишкен. Алар Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымдын 340ын жөө басып өтүштү. Калган 200 чакырым ашууларга туура келгендиктен автоунаа менен өтүүгө туура келди. Марафончуларды Анжиянда, Наманганда жана Ташкентте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү расмий тосуп алышкан. Ташкентте атайын мара уюштурулуп, жаштардын тобу марафондун аякташын атайын салтанат менен белгилешкен.
Катышуучулар өздөрү кайтып келгенден кийин аларды ден соолугу жайында экенин, жолдо кыйналбаганын айтышууда. Алардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан.
Бул жолу спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп жүрдү. Алардын ден соолугуна чогуу бараткан дарыгер такай көз салып турду.
“Достук” марафону Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылат. Аны өткөрүүгө "Мол булак" чакан насыя мекемеси, спортту тескеген органдар жана өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү каржылык колдоо көрсөттү. (ErN)