Өзбекстандын Термез шаар бийлиги сойкулукка шектелген кыздын апасын жана туугандарын эл алдында шылдың кылды деп кабарланууда. Окуя 10-сентябрда калаанын "Эстелик жана сый-урмат" аянтында болгон.
Шаар маалелеринин биринин активисти көчмө жыйын учурунда мэр 18 жаштагы кыздын апасын жана ага тууган дагы үч кыз-келинди тизелетип, келеке кылганын "Азаттыктын" өзбек кызматына айтып берди.
- Шаардын акими, милициянын башчысы жана прокурор чогулгандарга аялдарды алып чыгышты да "эл алдында соттойбуз" дешти. Аялдар уят кылбоону суранышты. Бирок аким "тынч тургула, менин сөзүмдү бөлгөнгө акыңар жок" деп аларды тыйды, - дейт атын атагысы келбеген активист.
Азырынча өзбек бийлиги буга комментарий бере элек. Термез шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малохат Холлиева аянтта көчмө жыйын болгонун ырастады. Бирок аким жарандарды шылдыңдаган жок деп ишендирүүдө. Холлиева кыз сойкулукка эле эмес, топтошуп алып медайымдарды урууга да шектелип жатат деп кошумчалайт.
Өзбекстанда сот чечими чыккыча эле шектүүлөрдү же алардын жакындарын эл алдында уяткарган учурлар буга чейин да болгон. 2016-жылы уулу экстремизмге айыпталганы үчүн уяткарылган мугалим аял асынып өлгөн.