Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

Кыргызстандык айдоочу мекендештерин тебелетип кетти (жаңыланды)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык, Орусия жарандыгын алган жигит "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү машине менен Новочеркасск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кетти. Кол салуудан бир киши жан берип, беш киши оор абалда ооруканада.

Жекшембинин таңында Москвада кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип кеткен 21 жаштагы Орусиянын жараны Бекжан Сарбишевге кылмыш иши козголду. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголгонун Москванын Марьино району боюнча ИИМ бөлүмү маалымдады.

9-сентябрда Москва убактысы боюнча саат таңкы 6ларда Новочеркасский бульварында Сарбишев кыргызстандыктардын бир тобун машинеси менен атайлап тебелеп кеткенин күбөлөр айтып беришкен. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги учурда каза болгон адамдын тек-жайы аныкталып жатканын, ал эми жараат алган беш киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор акыбалда экенин билдирди. Жол кырсыгынан жалпысынан он адам жаракат алышкан.

«Новые известия» басылмасынын маалыматы боюнча жабыр тарткандар: Абдурасулов С.А. 21 жашта, Мерген уулу Р. 22 жашта, Женишбекова К. Ы. 17 жашта, Зулпиев Р. 24 жашта, Абдикарим У. 20 жашта, Арстанова Н. 21 жашта. Калгандарынын ысымдары такталып жатат.

Теги кыргызстандык Сарбишев 8-сентябрда Москвадагы кафелердин биринде туулган күндү белгилеген кечеде болгонун, ал жерде карындашына болушуп, бейтааныш жигиттердин тобу менен чатакташа кеткени маалым болду. Сарбишев кылмыш болгон жерден качкан эмес. Москванын Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгы экспертиза өткөрүп, анын канында алкогол табылбаганын кабарлаган. Айдоочулук күбөлүктү ал Орусиянын Свердлов облусунда алган. ИИМ бөлүмүндө Сарбишев ал жердеги балдардын тобуна каршы арыз жазган.

Москвада кыргызстандыктарга тиешелүү элүүдөй кафе жана түнкү эс алуучу жайлар иштейт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышты.

- Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандардын жарандыктары такталууда. Арасында каза болгон бирөө бар экен.

Мосвада кыргызстандык айдоочу аралашкан дагы бир кырсык

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Кырсыктан жети киши жабыркаган. Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген болчу.

Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан жаран бул шаарда таксист болуп иштегенине бир ай убакыт болгон. Ал 20 сааттай уктабай жүргөнүн, ошол себептен рулда уктап кеткенин айткан.

15-августта Чыңгыз Анарбек уулунун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG