Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Москва: полициячынын өлүмүнө шектүү кыргызстандык эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москва шаарында полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүү катары кармалган теги кыргызстандык жаран эки айга камакка алынды. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, тиешелүү чечимди 5-сентябрда Москванын Черемушкин райондук соту чыгарды.

Окуя "Курская" метросунда 3-сентябрга караган түнү болгон. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, башына жеген октон каза болгон 23 жаштагы укук коргоо органынын өкүлүн метродо пол жууган аял дааратканадан таап алган.

Кийинчерээк видео көзөмөлдөгү маалыматтар аркылуу Орусия жарандыгын алган теги кыргызстандык жаран камакка алынган. Видеодо бул адам шашып чыгып, пол жуугучка өзү чыккан жакты жаңсап көрсөтүп, андан кийин поездге түшүп кеткени тартылган.

Маалымат каражаттары шектүүнү полиция кызматкери документ текшерүү үчүн кармаганда ал дааратканага барып келүүнү суранып, ал жакта аны атып салган деген божомолдорду жазып чыгышты.

Шектүү адам "полиция кызматкеринин табелдик куралын тартып алып өлтүргөн" деген маалымат ырасталган жок.

Полицияга сурагында шектүү колунда курал болбогонун, ичкериден ок атылганын угуп, коркуп кеткенин, сыртка чыгып, пол жуугучка "Тез жардам" чакыруу керектигин айтканын билдирген. Өзүнүн күнөөсүз экенин кошумчалаган.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 317-беренеси ("Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүү катары камалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары Москвада аялы жана бир туугандары менен бирге турушкан. Жакындары ага коюлган дооматка ишенбей жатышат.

XS
SM
MD
LG