Түркмөнстандын алыш күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунду алды. Эркектер арасында Түркмөнстан 5 медаль алып, (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) биринчи орунга Өзбекстанды (2 алтын, 3 күмүш) чыгарып жиберди. Бирок кыздар арасында Түркмөнстан 3 алтын, 1 коло менен лидер болду.
Натыйжада жалпы командалык рейтингде Түркмөнстан 81 упай менен биринчи орунду алса, Өзбекстан 79 упай менен экинчи, ал эми Кыргызстан 3-орунга (71 упай) жайгашты. Кыргызстандын балбандары күрөштүн бул түрүнөн тогуз медал тагынды (2 алтын, 3 күмүш, 4 коло).
Алыш күрөшү боюнча жалпысынан 35 өлкөдөн 145 балбан катышты. (SDz)