3-сентябрга караган түнү Москванын "Курская" метросунда 23 жаштагы полиция кызматкеринин сөөгү табылган. Ал башына атылган октон каза тапканы аныкталган.
Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча кылмышка шектелип теги кыргызстандык Орусиянын жараны, 43 жаштагы Н.М. камакка алынды.
Интернетте тараган видеодо полиция бөлүмүндөгү суракта Н.М. Орусияда иштей турганын, күнөөсү жоктугун айткан.
Тергөө комитети учурда Кылмыш кодексинин 317-беренеси ("Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу") боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Метродогу видеокамералардан алынган видео: