Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы чара көрүүгө чакырды. Мындай пикирин Эрдоган 3-сентябрда Чолпон-Атада өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин VI саммитинде айтты.
Эрдоган Түркия бул уюмдан запкы көргөнүн белгилеп, мындай окуялар кайталанбашы үчүн башка мамлекеттер сабак алышы керектигин билдирип, бул жагынан Өзбекстандын бийлиги жана Түрк кеңеши жакшы аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
Расмий Анкара учурда АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди азыркы бийликтин душманы катары сыпаттап келет.
Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемелерин жабууну Бишкектен талап кылган. Кыргыз бийлиги ага каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.
“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келатат. Былтыр аталашы "Сапат" деп өзгөргөн.
3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталды. Бул ирет саммитте Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы да айтылууда.
Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. (BkA)