Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Амстердамда америкалыктарды бычактаган адам террорчу деп айыпталууда


Амстердам. Темир жол бекетиндеги окуядан кийин. 31-август.
Амстердам. Темир жол бекетиндеги окуядан кийин. 31-август.

Голландиянын Амстердам шаарында америкалыктарды бычактады деп кармалган, теги ооганстандык 19 жаштагы жигит террорчу деп айыпталууда. Анын соту 3-сентябрга белгиленген.

Полиция айыпталуучунун ысымы Жавид экенин билдирген. Ал 31-августта темир жол бекетинде эки америкалык жаранды бычактады деп кармалган. Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

"Алгачкы териштирүүлөрдөн соң ооганстандык жаран террордук кол салууну пландаганы аныкталды",- деп айтылат расмий кабарда.

Айыпталуучу Германиядан башпаанек алган. Окуядан соң немис полициясы ал жашаган үйдө тинтүү жүргүзгөн. Анын дареги жана тинтүү учурунда кандай далилдер табылганы тууралуу кабарлана элек.

XS
SM
MD
LG