Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Оштогу бала бакчада чарчап калган наристе боюнча кылмыш иши козголо элек


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттык" радиосуна маалымдашынча, ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык текшертүүдөн өткөрүүдөн баш тарткан.

- Экспертиза дайындалган. Бирок ата-энеси андан баш тартты. "Эч кимге доом жок, оорусу бар экенин билчүмүн" деп тил кат жазып берген. Бул факт кылмыш иликтөө китебине катталып, тергөө жүрүп жатат.

28-августта Ош шаарындагы №40 бала бакчада үч жашар кыз чарчап калган. Бала бакчанын жетекчиси Максаткан Маметованын айтымында, бала түштө уктап калган бойдон ойгонгон эмес. Маметова чарчап калган кыздын апасы бала бакчанын кызматкерлерин күнөөлөбөгөнүн айткан. Каза болгон секелек бала бакчада быйыл февраль айынан баштап тарбияланып жаткан. (MdN/TSh)

XS
SM
MD
LG