Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Голландияда Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура сынагы токтотулду


Герт Вилдерс.
Герт Вилдерс.

Голландиянын парламент депутаты, ашынган оңчул Эркиндик партиясынын лидери Герт Вилдерс опузалардан улам Мухаммед пайгамбардын карикатурасына жарыяланган сынакты токтотту. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Сынак ноябрь айында Эркиндик партиясынын кеңсесинде өтмөк. Баш байгеге 10 миң доллар сайылган. Бийлик сөз эркиндигине таянуу менен сынакка тыюу салган эмес.

Вилдерстин пландарына каршы Пакистанда шаршембиде ири демонстрациялар өтүп, анын катышуучулары бийликти Голландия менен дипломатиялык байланыштарды үзүүгө чакырышкан. Вилдерс буга чейин да исламга каршы билдирүүлөрдү жасап келгени менен белгилүү.

Ал былтыркы шайлоодо жеңсе мекениндеги мечиттерди жаап, мусулман мигранттар үчүн чек араны жабууга убада берген. Мусулмандар Голландия калкынын беш пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG