Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Вашингтон Өзбекстанда америкалык өкмөттүк эмес уюм катталганын кубаттады


АКШ менен Өзбекстандын желектери.
АКШ менен Өзбекстандын желектери.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңештери" (ACIE) уюмунун жергиликтүү бөлүмүн расмий каттоодон өткөрдү.

Тиешелүү күбөлүктү Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Акбар Ташкулов АКШнын Ташкенттеги элчиси Памела Спратленге 29-августта тапшырган.

Бул - Өзбекстанда акыркы он жылдан ашуун убакыт ичинде америкалык өкмөттүк эмес уюмдун алгачкы ирет аккредитация алышы.

Америка кеңештери дүйнө боюнча АКШнын билим берүү жана алмашуу программаларын ишке ашырат.

Буга байланыштуу Вашингтондон Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт расмий Ташкенттин кадамы АКШ менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгү күчөй баштаганын жана өзбек өкмөтүнүн маңыздуу реформалар менен эл аралык карым-катышка дилгирлигин көргөзүп турганын белгиледи.

Мамдепартаменттин өкүлү бул кадам эки өлкө адамдарынын байланыштарын чыңдап, АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы илимий жана маданий алмашуу программалары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын да кошумчалады.

Вашингтондогу өзбек элчиси Явлон Вахабов болсо "Твиттердеги" баракчасында АКШга байланышы бар өкмөттүк эмес уюм Өзбекстанда 2006-жылдан бери алгач ирет катталганына көңүл бурду.

Президенттикке Шавкат Мирзиёев шайлангандан бери жети жылга созулган тыныгуудан кийин былтыр сентябрда Өзбекстанга “Хьюман Райтс Вочт” уюмунун делегациясы барган.

14 жылга созулган тыныгуудан кийин быйыл майда Ташкентке "Эл аралык мунапыс" уюмунун делегациясы да визит жасады. (UE)

XS
SM
MD
LG