Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Азиада-2018: Дзюдочу Артур Те коло байге алды


Артур Те Азия оюндарында. 29-август, 2018-жыл. Индонезия.
Артур Те Азия оюндарында. 29-август, 2018-жыл. Индонезия.

Кыргызстандык дзюдочу Артур Те ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Артур Те дзюдо боюнча таймаштарда 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыкты. Ал 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Шахрам Ахадовду вазаари упайы менен жеңип алды (1S2 - 0S1).

Кыргызстандык спортчу бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач ирактык Ал-Саеди Мохаммад Саттар Жебурду 1:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда жапониялык Жоширо Маруямага жеңилип калган. Жапон спортчусу финалдык таймашка чыккандыктан, кыргыз дзюдочусуна жооткотуучу таймашка чыгууга шарт түзүлдү. Бул беттеште Артур монголиялык Баттогтох Эрхембаярды 10:0 эсебинде утуп, коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алган эле.

Бул салмакта алтын байгени түштүк кореялык Ан Ба Ул, күмүш байгени жапониялык Жоширо Маруяма, дагы бир коло байгени казакстандык Элдос Жумаканов алды.

Артур Теден сырткары бүгүн Азия оюндарында дзюдо боюнча таймаштарда Кыргызстандан Отар Бестаев (60 кг) жана Ксения Бельдягина (52 кг) чыгып, алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, байге үчүн таймашка чыга албай калышты.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Азырынча Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 6 күмүш, 10 коло байге бар. Жалпы командалык рейтингде Кыргызстан 18 медаль менен 21-орунда келатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG